Загрузка документа…
КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 1
2014-жылга карата Кереге-Таш айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин
бекитүү жөнүндө”
Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Талиповдун билдирүүсүн угуп талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып Эл депутаттарынын Кереге-Таш айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кереге-Таш айыл аймагынын 2014-жылдагы бюджети киршелер жана чыгашалар боюнча 5714,0 миң сом өлчөмүндө №1 Тиркемеге ылайык кабыл алынсын;
2. Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга кирешелери 2907,5миң сом көлөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга чыгашалары 5714,0 миң сом көлөмүндө бөлүмдөрү жана статьячалары менен № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. 2013-жылда төлөнбөй калган карыздары 2013-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүү сунуш кылынсын жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго чегерүүлөргө жана башка корголгон статьяларга жумшалсын;
6. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовго бюджеттен каралган кирешелерди жана чыгашаларды толук аткарууга багытталган иш чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруусу милдеттендирилсин;
7. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын. Пайдаланган каражаттар тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин;
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуусу туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Талиповго жүктөлсүн;
Тѳрага Жооптуу катчысы | К. Муканбетов Б. Рыскелдиев |