Редакцияот 12.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-июну № 1

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрынын №231 КР Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу  жана  жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жөнүндө

 

Кереге-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Кереге-Таш айыл аймагынын административдик аймагында төмөнкү салык түрлөрү киргизилсин:

-  Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;

- Айыл  чарба багытында болбогон  жерлерди  пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;

-Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;

-Мүлк салыгынын 1-чи, 2-чи, 3-чү, 4-чү топтору;

2. Экономикалык пландоо зоналарын жана зоналык коэффициенти 1.2 өлчөмүндө бекитилсин;

3. Мүлк салыгы жана жер салыгы  Кыргыз  Республикасынын Салык Кодексинин негизинде эсептөөлөр жүргүзүлсүн;

4. Токтом мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп юстиция башкармалыгына  көчүрмөсү жиберилсин;

5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет;

6. Токтомдун аткарылышы Кереге-Таш айыл аймагынын башчысына  жүктөлсүн;

 

Төрага

Жооптуу катчы

К. Муканбетов

Б. Рыскелдиев