Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 59/16-6
“Шаардык кеңештин 06.06.2014-ж.
№45/13-6 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”.
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д. Койчиевдин 29.10.2014-жылдагы чыгыш № 06-1/1790 сандуу катындагы Кара-Көл шаарынын жашоочусу Г.Жуманованын баласы каза болуп калгандыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу катын жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Кара-Көл шаар аймагынын шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин кайрылуусу, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын жашоочусу Г.Жумановага материалдык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү 50,0 миң сом каражатты 2014-жылда Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1500,0миң сомдун эсебинен 50,0миң сомду каржылоого макулдук берилсин.
3. Каскад Токтогул ГЭС мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акысы боюнча 2014-жыл ичинде пайда болгон кредитордук карызды шаардык бюджеттин 2014-жылдын жыйынтыгы менен үнөм, бош калган каражаттын эсебинен ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого уруксат берилсин.
4. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык шаардык бюджеттин 2014-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын жана шаардык Социалдык коргоо башкармалыгынын беренелерине тиешелүү тактоолорду (уточнения) киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), Социалдык коргоо башкармалыгына (Тургунбаева Ч.Э.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Тѳрага: | Женбеков М.К. |