Редакцияот 08.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIV кезектүү сессиясы

2014-жылдын 8-апрели № 8

Ак-Жар айылдык Кеңеши депутаттарынын VI чакырылышынын XIV кезектүү сессиясы дыйкан чарбасына таратылган 7(жети) ДТ75 үлгүсүндөгү каз тамандуу тракторлор көп жылдан бери иштебей тургандыктан трокторлорду сатуу же башка текникага алмашуу жөнүндө Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловдун жана 7(жети) топтун жетекчилеринин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тех сервисте турган 7 (жети) ДТ 75 үлгүсүндөгү тракторлорду эки тараптуу келишимдин негизинде 1992 жылы өндүрүштөн чыккан Маз үлгүсүндөгү автоунаага алмаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловко тех сервистин башчысы Т.Токтомушовко милдеттендирилсин.

2. Алмашылып келинген Маз автоунаасын айыл өкмөтүнүн балансасына кириштөө келишимде көрсөтүлгөн баа менен айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу Т.Аттокуровко милдеттендирилсин.

3. Алынып келинген автоунааны айыл өкмөтүнүн балансасына кириштөө жагын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет финансы жана чакан орто иш-каналарады, жеке ишкерлерди өнүктүрүү боюнча тармактык комиссиясынын курамына Г.Эсенкановага жана А.Шүкүрбековко милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А. Кабылов