Редакцияот 07.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII кезексиз сессиясы

2014-жылдын 7-июлу № 22

Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы айылдык Кеңештин депутаты Б.Төлөгөновдун суроо талабын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылынын тургуну Моңолбаев Курманбектин «Ноот» участкасынан үлүшкө алган 4,0га жер аянты алмаштырылып Моңолбаев Курмнбектин үлүш жери болуп бекитилип берилсин

2. «Кырман» участкасындагы 4,0га жер аянты КБФнын жерине киргизилсин

3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн айыл чарба. Турак жай адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А. Кабылов