Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 27
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбековго жана «Ас-Салам» кайрымдуулук фондун жетекчисине «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбековго «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондунун директору Миңбаев Нурмухамед Бакирдиновичке «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин.
3. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына чоң салымын кошкон «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондунун Араб өлкөсүнүн Кыргызстандагы өкүлү Набиль Хамад Аль Аоунго «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин.
4. Ак-жар айылындагы Ас-Салам эл аралык кайрымдуулук фондусунун каржылаган демөөрчүсү араб Анас Фахд Абдалла Аль Анназга «Айылдын ардактуу атуулу» наамы берилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиясынын төрагасы Ж.Ногойбаевге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |