Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 28
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына «Ас-Салам» эл аралык фондун каржылаган демөөрчүнүн атасы маркум Фархд Абдулла Аль Анназдын наамын берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы «Ас-Салам» эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан каржыланып салынып жаткан ГСВнын имаратына «Ас-Салам» эл аралык фондун каржылаган демөөрчүнүн атасы маркум Фархд Абдулла Аль Анназдын наамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Кабыловко милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |