Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 30
Ак-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XХ кезексиз сессиясы 2014-жылдагы айдалган дан эгиндин 67 га сынын кесек тоют катары чабылгандыгы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы 2014-жылы айдалган дан эгиндин 67 гектары кесек тоют катары чабылгандыгы белгиленсин.
2. Кесек тоют катары чабылып кеткен 67 гектарды дан эгиндин аянтынан чыгаруу айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана айыл чарба боюнча башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, курулуш , турак-жай жана экология маселелери боюнча тармактык комиссиянын төрагасы Э.Ибраевге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |