Редакцияот 26.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын

кезексиз VI-сессиясы

2013-жылдын 26-августу № 6/1

Көк-Жар айыл аймагындагы салыктын ченемин

бекитүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 Мыйзамын аткаруу менен Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин коэффициентин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.

- Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;

- Мүлк салыгын 1,2,3,4 топтогу объектилерин;

- Кз зоналык  коэффициентин 1 өлчөмүндө бекитилсин;

2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби көрсөтүлгөн  салыктарга бекитилсин.

- Жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине КР Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.

3. Бул токтом мамлекеттик нормативдик-укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А. Кадыракунов