Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-февралы № 2-3/09
Баткен шаарынын мэри Жалалов Жаныбек Махматалиевичтин 2013-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу» Мыйзамынын 44-беренесинин 8-главасына жана Баткен шаардык Кенешинин Регламентинин 1- болумунун 2-главасынын 6-пунктунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын мэринин 2013 – жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айтылган кемчиликтер, сын сунуштар боюнча иш чара кабыл алып кийинки сессияга маалымат беруу жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Булганыч сууларды тазалоочу ишканасын, Коммунальщик АК сын, Муниципалдык таза суу ишканасын жана Муниципалдык менчик департаментин озун озу каржылоочу ишканага откорууну уюштуруу жагы Баткен шаарынын мериясына милдеттендирилсин.
4. Баткен шаарынын инфраструктурасын которуу, курулуштарды куруу, инвестиция тартуу жана Баткен шаарынын бюджетин оз убагында толтуруу жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
5. Баткен шаарынын аймагындагы КБФнын жерлеринен ижара акыларын 2013-жылда пландагы аткарылбай калган 254.2 мин сомду жана курулуш курууга ижарага берилген мулктордон тушкон пландагы аткарылбай калган толомдорду 2014-жылда аткарып, бюджетке тушуруу жагы Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
6. Баткен шаарынын аймагындагы куурап калуу коркунучунда турган коп жылдык бактарды сугат суу менен камсыз кылууну уюштуруу жагы Баткен шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын
7. Баткен шаарынын тазалыгын камсыз кылуу жагы Баткен «Комунальщик» АКсына жуктолсун.
8. Баткен шаарынын тургундарын таза суу менен узгултуксуз камсыз кылып туруу жагы Баткен шаарынын алдындагы Муниципалдык «Таза суу» ишканасына жуктолсун.
9. Баткен шаарынын кочолорундогу мыйзамсыз жана иретсиз курулган курулуштарды иретке келтируу Баткен шаарынын мэриясына жана шаардык Архитектурасына милдеттендирилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Баткен шаардык Кенешинин торагасынын орун басары Х.И.Айкыновго тапшырылсын.
Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
Э. Рахматов |