Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 2-3/30
Баткен шаардык булганыч сууларды тазалоо
ишканасынын аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ
Баткен шаарындагы булганыч суулар – канализация системасы жалпы узундугу 15,3 км түзүп, шаардын 1125 жашоочуларын тейлейт. Булганыч сууларды тазалоочу ишканасы канализация системасына 225 кожолук тейлөө үчүн кошулган, мындан сырткары 5 шаардык бюджеттик ишкана (больница, детсадтар, обладминистрация), 14 комерциялык ишкана (анын ичинен 4 коомдук мончо, 3 автомойка, 3 кафе, 4 үй-бүлөлүк мончо) жана 7 ишкана септик аркалуу тейленип жатат. Быйылкы жылга бюджетте план боюнча 500,0 млн атайын каражаттар каралган. Ишкана ийгиликтүү иштеши үчүн 1700,0 миң сом субсидия каралган. Ишкананын негизги объекти бул булганыч сууларды тазалоочу КУ-200 орнотмосу. Ал бардык мүмкүнчүлүгү менен 70,0 % гана иштеп жатат.
Ишканада штаттык тизмеге ылайык төмөнкү штаттар каралган:
№ | Штаттык бирдиктин аталышы | Бирдиктин саны |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы инженер | 1 |
3 | Бухгалтер | 1 |
4 | АСТ машинанын айдоочусу | 1 |
5 | Слесар-сантехник | 1 |
6 | Кароол | 3 |
7 | Электрик | 1 |
8 | Лаборант | 1 |
9 | Контралер | 1 |
10 | Жетекчинин секретары (кассир). | 1 |
| Бардыгы: | 12 |
Баткен шаарында эл аралык уюумдар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык ишкана калктын 4.0 % тургундарына гана тейлөө көрсөтүүгө жетишкен. Ошондой эле коомдук сурамжылоо жүргүзүлгөндө канализацияга кошулбаган кожолуктардын 49,0% жаман сууларды (таштандыларды) арыктагы, каналдагы агын сууга, 46,0% бак-дарактардын астына жана короолоруна, 4,0% болсо көчөгө төгүшөөрүн айтышкан. Ал эми анын ичнен 1,0% гана атайын септиктерге төгүшөөрүн айтышкан.
Суралгандардын көпчүлүгү Баткен шаарында булганыч сууларды тазалоочу ишкананын ишине канаатанбаганын белгилеп, анын ишин жакшыртуу боюнча бир-топ суроо-талаптарын айтышкан. Ушундай көрүнүштөрдөн улам ишкананын аткарып жаткан ишине, анын жетекчилерине мэрияда өткөн аппараттык кенешмелерде дайыма көптөгөн сын-пикирлер айтылып, көзөмөл жүргүзүлүп келет. Ага карабастан системада күн сайын авария болуп элге коркунуч туудуруп өзгөчө кырдаал жаралып турат.
Ушундай эле корунушко шаардык Кенештин курулуш, онор жай коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мучолору барып ишкананын жургузуп жаткан иштерин жайында коруп кубо болшкан. Ишкана АРИСтин долбоорунун негизинде жаныдан жасалып кабыл алган эмеректери, ишкананын имараты кыйроо абалына жетип калган.
Булганыч сууларга болгон төлөмдөрдү жыйноо боюнча 2014-жылга кабыл алынган план 500.0 миң сом болсо, биринчи жарым жылдыкка карата 133.0 миң сомду түзүп 26.6 пайызга аткарылган. Ал эми булганыч суулар ишканасы жана мекеме-ишканалар ортосунда 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин 345.4 миң сомдук келишим түзүлгөн.
Мэриянын өнөр жай, курулуш жана айыл-чарба секторунун кызматкерлери ишканага дайыма көзөмөл жүргүзүү менен бул абалдан чыгып кетүү максатында бир топ чараларды көрүү керектигин белгилеп өздөрүнүн сунуштарын билдиришкен. Ошону менен катар 2013-2014- жылдар ичинде Баткен шаарынын мэриясы тарабынан канализация системасын ишин жакшыртуу үчүн атайын долбоорлорду даярдаган. Мисал алсак:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дон кварталынын М. Дуйшеев, Пролетарская көчөсү аркылуу 350 метрге түтүкчөлөрдү куруу,
2. СССР дин 60 жылдыгы көчөсүндөгү түтүкчөлөрдү булганыч сууларды тазалоочу ишканага чейин улантуу;
3. Жибек жолу кочосундогу канализацияны тазалоо, реабилитациялоо;
4. Булганыч суулар жыйылуучу биопрудту тосмо менен тосуу долбоору;
5. Булганыч сууларды тазалоочу ишкананы «Таза-Суу» муниципалдык ишканасына кошуу долбоорлору.
2014-жылдын 2-июль күнү Баткен шаарынын мэриясында ЕБРР тарабынан коомдук угуу уюштурулуп анда булганыч сууларды тазалоо, жаңы канализациялык системаларды куруу боюнча шаарынын мэриясынын сунуштаган долбоорлор талкууланып, алар тарабынан толугу менен колдоого алынган
Бул коомдук угуунун натыйжасында атайын протокол кабыл алынып “Баткен шаарындагы таза суу жана канализациялар системаларын куруу жана сапатын жакшыртуу” боюнча ЕБРР уюму тарабынан жалпы суммасы 4,0 млн евролук, же болбосо сом менен алганда 280,0 млн. сомдук долбоорлор кабыл алынаары белгиленди. Алгачкы иш чаралар 2014-жылдын 2-жарымында башталаар алдында турат.
2014-жылдын 1-жарымында жеке секторлор тарабынан И. Жусупов көчөсүндө эки кожолук булганыч сууларды канализацияга кошуу иштерин жүргүзулгон. Буркан-Ата ресторанынан Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки 350 метр аралыкка, ал эми экинчиси М. Максутов көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки 200 метр аралыкка булганыч суулар түтүктөрүн орнотушту.
Булганыч суулар ишканасынында жугуштуу ооруларды чыгарып жугоруу коркунучун туудурган бир койгой СССРдин 60-жылдыгы кочосунун аяк жагындагы канализациялык линя аягына чейин чыгып булганыч сууларды тазалоочу ишканага жетепей эл жашаган конушта топтолуп жатканы. Агып келип аягына чыкпай калган канализациялык линяны тез арада ачып тазалоо иштерин башоо керектигин туруктуу комиссия белгилеген.
Баткен шаардык Кенешинин турукутуу комиссиясы булганыч суулар ишканасы толук кандуу оз алдынча иштеп кете албастыгын карап чыгып, шаар мэриясынын адистери менен биргеликте талкууларды жургузуп сын сунуштарды кабыл алуу менен Баткен шаардык муниципиалдык «Таза-Суу» ишканасы менен Баткен шаардык булганыч сууларды тазалоо ишканасын кошу сунушун колдоого алышкан.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык булганыч сууларды тазалоо ишканасынын жургузуп жаткан иштери жетишсиз экендиги белгиленсин.
2. Шаар ичинде ар кандай жугуштуу оорулардын чыгып кетуу коркунучунан сактоо максатында СССРдин 60 жылдыгы кочосундогу булганыч сууларды тазалоо линясын ачып аягына чыгаруу жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Баткен шаар мэриясынын, Баткен шаардык муниципиалдык таза суу ишканасы менен Баткен шаардык булганыч сууларды тазалоо ишканасы бириктируу сунушу ЕБРР дин протоколдук макулдашуусунун негизинде турмушка ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Баткен шаардык Кенешинин курулуш, онор жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Султановго/ тапшырылсын.
Баткен шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Э. Рахматов |