Редакцияот 09.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2014-жылдын 9-августу № 17/2

Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу

мекеме ишканаларынын кезектеги ремонт

иштеринин абалы жөнүндө

Талды-Суу айылдык Кеңешинин депутатты Т.Бакмаматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу  маданият үйүнүн кезектеги ремонт иштерин ушул күнгө чейин бүтпөгөндүгү белгиленип 2014-жылдын 20-августуна чейин бүткөрүү жагы маданият үйүнүн директору А.Мамытовго жүктөлсүн.

2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн, оорукананын имаратынын жана китепкананын кезектеги ремот иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы:

Б. Абдраманов