ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кеңештин IV чакырылыштын кезексиз XIV заседаниясы
2014-жылдын 14-марты № 14/1
Талды-Суу өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына
мектепке жер берүү жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы И. Жумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талоды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Арча-Булак айылына 100орундук мектеп салуу үчүн 1.3 гектар жер бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу көрсөтүү мыйзам чегинде аткаруу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Кадыровко жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Б. Абдраманов |