Редакцияот 13.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык Кеңештин IV чакырылыштын  кезектеги XII заседаниясы

 

2014-жылдын 13-январы № 12/2

Сапарбаева Жыпаргүл Тойгонбаевнага

депутаттык мандат берүү жөнүндө

 

Талды-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Жумаев Исаң Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу, Жумаев  Исаң депутаттык мандатын тапшыруу жана кезектеги талапкер Сапарбаева Жыпаргүл  Тойгонбаевнага  депутаттык  мандат берүү тууралуу Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 16-декабрындагы  Талды-Суу айыл  өкмөтүнүн башчысын шайлоонун  жыйынтыгында  депутат  Жумаев Иса  айыл өкмөт  башчылыгына  шайланып  муниципиалдык  кызматка өткөндүгүнө байланыштуу  депутаттык  мандатын  тапшырсын.

2. 2012-жылдын 25-ноябрындагы “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоонун“ жыйынтыгы боюнча тизмеде кийинки талапкер Сапарбаева  Жыпаргүл  Тойгонбаевнага депутаттык  мандат  берүү  Алай  аймактык  шайлоо  комиссиясынан  суралсын.

 

Талды-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы:

Б. Абдраманов