Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-августу № 19/2
Кара-Суу айыл айыл аймагынын Ак-Талаа айылына айылдык китепкана ачуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Ак-Талаа айылына айылдык китепкана ачуу жөнүндөгү Ак-Талаа айылынын жалпы тургундарынын жыйналышынын протоколун жана Ак-Талаа айылынын айыл башчысы М. Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Ак-Талаа айылына маалымат борборунун имаратынын бир бөлмөсүнө айылдык китепкана ачылсын.
2. Китепкана ачууну уюштуруу жана тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Ак-Талаа айылынын айыл башчысы М. Мусабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т. Курткаев |