КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Vчакырылышынын кезексиз
ХXII – сессиясы
2014-жылдын 9-декабры № 22/5
“Райондун ардактуу атуулу” наамына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынын бир атуулду көрсөтүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан “райондун ардактуу атуулу” наамына бир атуулду көрсөтүү боюнча депутаттардан түшкөн сунуштарды угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынын “райондун ардактуу атуулу” наамына Орток айылынын тургуну, Баткен окуясынын катышуучусу,Кочкор райондук Баткен согушунун жоокерлеринин төрагасы,Кыргыз Республикасынын Кочкор райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ашкеев Бактыбек Жумакадырович көрсөтүлсүн.
2. “Райондун ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлгөн Орток айылынын тургуну Ашкеев Бактыбек Жумакадыровичтин керектүү өздүк кагаздарын топтоп Кочкор райондук депутаттардын кошмо жыйынына сунуштоо жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин Орток айылынан депутаты Ашкеевге милдетттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.И. Курткаев |