БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 15/6
Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетинен 2013-жылдан калган
калдык акча каражаты жөнүндө
Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2013-жылдан калган калдык акча каражатын пайдалануу жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2013-жылдан калган 83,4 миң сом, атайын каражаттан калган 72,4 миң сом төмөндөгү бөлүмдөргө бекитилсин.
-аппараттын бюджетине резервдик фондго (2824 ст) 83,4 миң сом;
-аппараттын атайын каражаттын ар кандай чыгымдар (2215 ст) 1,9 миң сом;
-бала бакчанын атайын каражаттын ар кандай чыгымдар (2215 ст) 70,4 миң сом;
2. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2013-жылдан калган 83,4 миң сом, атайын каражаттан калган 72,4 миң сомдун туура пайдаланылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Каленовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |