Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 16/4
Баетов айыл аймагынын башкы
планын бекитүү жөнүндө
Баетов айыл аймагынын башкы планын бекитүү боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын башкы планы бекитилсин.
2. Турак-жай курууга жер берүү боюнча комиссиясынын чечими менен турак-жай салуучуларга жер берүү жагы белгиленсин.
3. Бекитилген башкы планга ылайык, турак-жай куруу үчүн жер алуучуларга токтомун даярдатуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Даярдалган токтомдун негизинде укуктук нормативдик документтерин берүү жагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, райархитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Айылдын чек арасынын чиймесин бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |