Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 16/5
Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы
орто мектебинин эски окуу корпусун бузуу жөнүндө
Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин эски окуу корпусун бузуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э.Карасартов атындагы орто мектебинин эски окуу корпусун талапка ылайык бузуу, материалдарын баалап сатуу боюнча комиссиянын курамын түзүү айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
2. Түзүлгөн комиссиянын курамына Э.Карасартов атындагы орто мектебинин эски окуу корпусун талапка ылайык буздуруу жана материалдарын баалап сатуу жагы тапшырылсын.
3. Сатылган материалдан түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражат бет эсебине төгүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |