Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 16/8
Баетов айылындагы көчөгө наам берүү жөнүндө
Баетов айылында көчөгө наам берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуула, Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын ички көчөлөрүнө наам берүү боюнча комиссиясынын сунушуна ылайык, Баетов айылынын переулок Манас көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Сапаров Керимжандын наамы берилсин.
2. Сапаров Керимжандын наамы берилген көчөгө ар бир үйгө табличкаларды илүү, прожекторлорду койдуруу, көчөгө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин жыл сайын жүргүзүү, тазалыгын дайыма кароо жана башка жумуштарын аткаруу жагы маркум Сапаров Керитмжандын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана уулу Сапаров Жеңишбекке милдеттендирилсин.
3. Баетов айылындагы көчөлөргө наам берүү боюнча Жобого ылайык иш алып баруусу көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |