Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 31-октябры № 18/2

Баетов айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1-2-3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана К-3 зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү №231 чи Мыйзамынын 3-беренесинин 3–бөлүгүнүн негизинде Баетов айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Баетов айылдык Кеңешинини депутаттарынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.2015-жылдан баштап Баетов айыл аймагынын административдик аймагында  салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.

- айыл чарбасына багытталган жерлердин салыгы, короо-жай алдындагы багбанчылыкка жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин салыгы;

-1,2,3-топ боюнча мүлк  обьектилеринин салыгы;

2.К-3 зоналык коэффициентинин мааниси 0,8 өлчөмдө бекитилсин.

3.Жер салыгыгын 1-2-3 топ боюнча обьектилеринин  мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.

4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар  реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтом 1-январь 2015-жылдан баштап күчүнө кирсин.

 

Тѳрага:

Т. Рысбаев