БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 18/3
Баетов айылдык Кеңешинин депутаты У.Тайчымановдун жазган арызын кароо жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулоо жѳнγндѳ
Баетов айылдык Кеңешинини депутаттарынын кезексиз XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылдык Кеңешинин депутаты Тайчыманов Уланбек Мукашович Кыргыз Республикасыныны “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесине жана 31-беренесинин 7-бөлүмчөсүнө ылайык муниципалдык административдик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Кийинки талапкерди аныктап берүү жагы Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Тѳрага: | Т. Рысбаев |