Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин ХХVI чакырылышынынын

Х сессиясы

2014-жылдын 10-февралы № 44

“2014-жылдын бюджетин бекитүү тууралуу”

Биринчи  май  айыл  өкмөтүнүн  2014

жылдын  бюджети  боюнча 19527,2 м

сом суммасында Москва райондук финансы башкармасынын келтирилген текшерүү цифралары тууралуу ФЭБ нүн зардалы  Н.Б.Жумагулованын маалыматын угуп  жана  талкуулап,  жогоруда билдирилгендин негизинде

Биринчи  май  айылдык  кеңешинин  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Биринчи май айыл өкмөтүнөн көрсөтүлгөн 2014-жылдын  бюджетин 19527,2 м сом  суммасында атайын эсепти эске алуу менен -320,7 м сом   бекитилсин.

2. 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкү булактардын эсебинен  түзүлгөндүгү  аныкталсын .(тизме тиркелет)

 

чыгашалар

Атайын  эсеп

Жергиликтүү  бюджет

Бардыгы

аппарат

 61,5

3167,2

3228,7

китепкана

 

597,2

597,2

клуб

 

98,0

98,0

Б. бакчалары

259,2

2592,5

2851,7

№1-4 АОМ

3620,5

3 620,5

ТЖКЧ

 

7750,8

7750

Айыл  чарбасы

 

200,0

200,0

Соц  кызмат

 

556,8

556,8

 Башка маданий  иш-чаралар

 

444,0

444,0

Гражд.коргонуу

179,2

179,2

Жалпысы

320,7

19527,2

19527,2

3. 2014-жылга жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте корголуучу беренелер боюнча (айлык акы, тамактануу, коммуналдык кызматтарды төлөө) иш  жүзүндө алынган  кирешелерден жүргүзүлөрү  такталсын .

4.20.07.2004 жылдын 23 статиясы № 93 жалпы түшүнү 199,2 миң сом “Обороттук кассалык болгон турушуна” бекитилсин

5. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык расписаниеси  өзгөртүүлөр  менен  бекитилсин: мал чарбачылыгы  жана ветеринария  боюнча  башкы адистин бирдигинин эсебинен  калк  менен  иштөөчү  башкы  адистин  бирдигин киргизүү, ТОП тун 1 бирдиги МОП ко алмаштыруу , кызматчы  транспорт  жоктугуна  байланыштуу.

6. А-ө штаттык расписаниесинде мекеме тазалоочуунун бирдиги, мамлекеттик тил боюнча адистин жана от жагуучунун бирдиги    каралбагандыгына  байланыштуу, контрактык  негизде 2500 сом  өлчөмүндө айлыгы менен бекитилсин .

7. Мыйзан чегиндеги “Мугалим макамасына комуналдык тейлө кызматына 1,0 миң сом өлчөмү бекитилсин

8. Берилген буйруктун  аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ нүн зардалы Н.Б.Жумагуловага тапшырылсын .

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Б. Саралаев