Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин ХХVI чакырылышынын  Х- сессиясы

 

2014-жылдын 10-февралы № 45

“Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын минималдык көлөмүн, зоналдык коэффициентин,таштандыларды чыгаруу жана ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу төлөмдөрүнүн ставкасын бекитүү жөнүндө”

КРнын “Салык Кодексинин “ 337, 339 жана 12-беренесинин негизинде Биринчи Май айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛДЫ:

1. КРнын “Салык Кодексинин “ 337 – беренесине ылайык айыл чарбасына дайындалган жерлердин базалык ставкасын бекитилсин :

- сугат айдоо аянты - 1 га 392,0 сом

- кайрак айдоо аянты - 1 га 67,2 сом 

- көп жылдык отургузуулар – 1 га 215,0 сом

- жайыттар - 1 га 7,8 сом

2. АЧМФ нун жерлеринин жана айыл өкмөтүнүн жерлеринин (баштапкы) минималдык ижаралык акысы бекитилсин :

- сугат айдоо аянты - 1 га 800,0 сом

- кайрак айдоо аянты - 1 га 300,0 сом

- көлмөлөр - 1 га 400,0 сом

3.Айыл чарбасына дайындалбаган жерлерге зоналдык коэффициент КЗ 1,2 көлөмүндө бекитилсин.

4. Короо-жайлардагы жерлер үчүн зоналдык коэффициент 1,0 көлөмүндө бекитилсин .

5. Таштандыларды чыгарууга иштегендердин биринен 50 сом көлөмүндө ставка бекитилсин .

6. Ыңгайлуулуктар менен камсыз кылуу төлөмүнүн ставкасы бир үйдөн 20 сом өлчөмүндө бекитилсин .

7. Бир башка жайыт билетинин баасынын  өлчөмүн коюу суммада:

 ИММ, жылкылар -70 сом.

 ИММ , торпок –     50 сом.

 МММ               -      20 сом.

8. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кирешелер боюнча иш алып    барган адистер Г.В.Гапоненкого тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Б.А. Саралаев