Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 8/1
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагында жайгашкан мал базар Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2004-жылдын 19-февралындагы «Мал мал базарларды иштетүү тартиби жөнүндө» жана А.Мирмахмудов айылдык аймагынын Ж.Аманбаев атындагы көчөсүнүн жолдорунда автоууна кырсыктары көп болуп, адам өмүрлөрү кыйылып жаткандыгы себептүү, жолдорго автоууналардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү тосмолорду орнотуу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагында жайгашкан мал базар Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2004-жылдын 19-февралындагы «Мал мал базарларды иштетүү тартиби жөнүндөгү»№ 47-буйругу менен түзүлгөн райондук комиссия чечим кабыл алган жана райондук ветеринариялык –фитосанитардык коопсуздук башкармасы 2014-жылдын 10-январында № 03- корутундундусун негизинде жана А.Мирмахмудов айылдык аймагынын Ж.Аманбаев атындагы көчөсүнүн жолдорунда автоууна кырсыктары көп болуп, адам өмүрлөрү кыйылып жаткандыгы себептүү, жолдорго автоууналардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү тосмолорду орнотуу жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы өткөрүлгөн жыйындын протоколун эске алып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагында жайгашкан мал базар Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2004-жылдын 19-февралындагы «Мал мал базарларды иштетүү тартиби жөнүндөгү» №47-буйругу менен түзүлгөн райондук комиссия чечим кабыл алган жана райондук ветеринариялык –фитосанитардык коопсуздук башкармасы 2014-жылдын 10-январында № 03- корутундундусун негизинде мал базар иштөөгө жараксыз деп табылсын.
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы өткөрүлгөн жыйындын протоколун эске алып А.Мирмахмудов айылдык аймагынын Ж.Аманбаев атындагы көчөсүнүн жолдорунда автоууна кырсыктары көп болуп, адам өмүрлөрү кыйылып жаткандыгы себептүү, жолдорго автоууналардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү тосмолорду тез арада орнотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов айылдык аймагынын өкмөт башчысы, айыл башчысы жана айылдык аймактын өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттардын тиешелүү туруктуу комиссияларына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: |
Н. Халбуваев |