Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 8/3
А.Мирмахмудов айыл аймагындагы маданият мекемелеринин материалдык- техникалык базасын чыңдоо жана элди маданий жактан тейлөө иштеринин абалы жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагындагы маданият мекемелеринин материалдык- техникалык базасын чыңдоо жана элди маданий жактан тейлөө иштеринин жакшыртуу максатында Арал айылында жайгашкан китепкананы, Беруни атындагы орто мектебинин Китепканасына жылдырып алып келип, маданият борбору ачылып жана китепкананы электрондук китепкана кылып эки компьтерге акча каражатын ажыратып берүү максатында А.Мирмахмудов айыл аймагынын кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айыл аймагындагы маданият мекемелеринин материалдык- техникалык базасын чыңдоо жана элди маданий жактан тейлөө иштеринин жакшыртуу максатында Арал айылында жайгашкан китепкананы, Беруни атындагы орто мектебинин Китепканасына жылдырып алып келип, маданият борбору ачылсын
2. Ачылган китепкананы электрондук китепкана кылып эки компьтерге акча каражатын ажыратып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы, социалдык маданий маселелер боюнча адиске жана финансы-экономика бөлүмүнө жүктөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттардын тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: |
Н. Халбуваев |