Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 8/5
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу Капчыгай айылына айыл башчы штатын штаттык бирдикке киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу, каттоодон өткөн төмөндөгү 6 айыл бар: Чапаев, Барын, Арал, Кара-кокту,Буудайлык жана Капчыгай айылдары. Азыркы мезгилде айыл өкмөтүндө беш айыл башчы штаты бар, Капчыгай айылы менен Буудайлык айылынын аралыгы 65 км түзөт. Айылдардын инфроструктурасын өңдоо, айылдарды социалдык экономикасын өнүктүрүү, ошол айылда жашаган элдер менен тыгиз мамиледе болуп,айылдарда болгон көйгөйлүү маселелерди өз убагында чечүү үчүн айыл өкмөтүнө берилген 5 айыл башчы жетишсиз болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди өз убагында чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде Капчыгай айылынын айыл башчысын штаттык бирдикке киргизүү максатында А.Мирмахмудов айыл аймагынын кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айылдарды аралыктары алыс болгондуктан, айылдарды инфра түзүмдөрүн оңдоо, айылдарды социалдык экономика жактан өнүктүрүү, айылдагы элдер менен тыгыз маамиледе болуу жана айылдарда болгон көйгөйлүү маселелерди өз убагында чечүү үчүн Капчыгай айылына, айыл башчы штаттык бирдикке киргизилсин.
2. Капчыгай айылына айыл башчы штатттык бирдикке киргизүү үчүн керектүү бардык иш кагаздарды даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Гаффаровго жүктөтүлсүн.
3. Капчыгай айылына айыл башчы штаттык бирдикке киргизип бекитип берүү жагын Ноокат райондук финанс экономика бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттардын тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: |
Н. Халбуваев |