Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 8/6
А.Мирмахмудов айыл аймагында иштеп пенсияга чыккан өкмөт башчы Т.Абдулхакимовду пенсияга узатуу жөнүндө
1996-жылдан тартып А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эки жолу айыл өкмөтүнүн башчысына шайлоого катышып жеңип чыгып,
2002-жылдан баштап А.Мирмахмудов атындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы болуп жаткан учурда Республикабызда ишке ашырылган социалдык- экономикалык реформаны турмушка ашырууда талыкпай эмгек кылган, айылдын элинин кызыкчылыгын көздөп жаратылышты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, элдерге медициналык көрсөтүүнү жакшыртууда, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө, элдерди жумуш менен камсыздоодо талыкпай эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, облустук жана райондук бир канча Ардак Грамоталары жана медалдары менен сыйланган. Азыркы учурда пенсияга чыккандыгына, 60 жылдык юбилейи болгондугуна байланыштуу айыл аймагынын кеңеши тарабынан сыйлык тапшыруу максатында А.Мирмахмудов айыл аймагынын кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айыл аймагынында өкмөт башчы болуп иштеп пенсияга чыккан Т.Абдулхакимовго айыл аймагынын кеңеши тарабынанан өзү айдап жүргөн, кызматтык ВАЗ 21074 улгусундогу мамлекеттик номери 34-01 ОА автоунаасын эскиргендигине байланыштуу сыйлык катары тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттарынын тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: |
Н. Халбуваев |