Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 10/4
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн имаратынын алды жагындагы жолду автоунаалар коюучу жер кылып ижарага берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайындагы XXV Партсъезд көчөсүнүн күн батыш жагы Беруни атындагы орто мектептин чегарасына чейин жолдун чети жолду автоунаалар коюучу жер кылып, базардан чыккан автоунааларды тартипке келтирүү максатында ижарага берип, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна негиз Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттардын туруктуу комиссиясынын отурумуна негиз Мирмахмудов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн XXV Партсъезд көчөсүнүн күн батыш жагы Беруни атындагы орто мектептин чегарасына чейин жолдун чети жолду автоунаалар коюучу жер кылып мыйзамдуу түрдө ижарага берилсин.
2. А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн XXV Партсъезд көчөсүнүн күн батыш жагы Беруни атындагы орто мектептин чегарасына чейин жолдун чети жолду автоунаалар коюучу жер кылып ижарага берүү жөнүндө мыйзамдуу түрдө экинчи тарап менен келишими түзүлсүн.
3. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мирмахмудов айылдык өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Ажибековго, Барын айылынын айыл башчысы Досмаматов Абдулазизге жүктөтүлсүн
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |