Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 10/5
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылындагы «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
«А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылын «Уч Кемпир» участкасындагы «Спорттук комплексинин» түндүк жагына чектеш жайгашкан, «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин менчигинде болгон, жалпы аянты 0,32 га жер аянтына (тамеки сарайлар жайгашкан), Чапаев айылынын «Уч Кемпир» участкасына мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу Уч Кемпир коомдук бирикмесинин менчигинде турган тамеки сарайдын 0,32 га жер аянтына орто мектеп куруу үчүн , элдин өзүн демилгеси боюнча орто мектеп куруу үчүн А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын балансасына өткөрүп берүү, жаңы мектеп курулгандан кийин Чапаев айылында жайгашкан эски Н.Пазылов атындагы толук эмес орто мектеп имараты балдар бакчасы кылып пайдаланууга бекитип берүү жана эски балдар бакчасы турган жер аянтына элге медициналык кызмат көрсөтүү мекеме жана аялдар окуу борбору куруу үчүн уруксат сурап жазылган элдин жалпы 2014-жылдын 8-апрелиндеги чогулш протоколун негизинде А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Уч Кемпир» коомдук бирикмесинин менчигинде турган эски тамеки сарайын жерлерин пайдалануу, Балдар бакчасына тиешелүү жер аянтын элге медициналык кызмат көрсөтүү жана аялдар үчүн окуу борборун уюштуруу боюнча элдин өткөрүлгөн жалпы чогулушун протоколу бекитилсин.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Уч- Кемпир коомдук бирикмесинин менчигинде турган тамеки сарайдын 0,32 га жер аянтына орто мектеп куруу үчүн , элдин өзүн демилгеси боюнча орто мектеп куруу үчүн А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын балансасына өткөрүлсүн.
3. Жаңы мектеп курулгандан кийин Чапаев айылында жайгашкан эски Н.Пазылов атындагы толук эмес орто мектеп имараты балдар бакчасы кылып пайдаланууга берилсин жана эски балдар бакчасы турган жер аянтына элге медициналык кызмат көрсөтүү мекеме жана аялдар окуу борбору куруу үчүн уруксат бкрилсин.
4. А.Мирмахмудов атындагы айл аймагынын балансысына өткөрүп берилген жер аянтына жалпы билим берүүчү орто мектептин имаратын жана эски балдар бакчасы турган жер аянтына медициналык мекеме жана аялдар үчүн окуу борбору курууга керектелүүчү юридикалык иш-кагаздарын, архитектуралык документтерин даярдоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышы Аү.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын кеңешинин тѳрагасы: | Н. Халбуваев |