ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/7
Гүлчө-2 шайлоо участогунун депутаты Таиров Болотбектин Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Гүлчө-2 шайлоо участогунун депутаты Таиров Болотбектин Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Түгөлбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө-2 шайлоо участогунун депутаты Таиров Болотбектин Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. 2012-жылдын 25-октябрында болгон шайлоодо көп добуш алган Гүлчө-2 шайлоо участогунан Кадыркулов Үсөн Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3. Гүлчө-2 шайлоо участогунунан Кадыркулов Үсөндү айылдык кенештин депутаттыгына каттоо жана күбөлүгү менен төш белгисин тапшыруу жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |