ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/13
Гүлчө айыл округуна караштуу № 4 балдар бакчасына инвентарь сатып алуу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык округунун айылдык кенешинин 5 чакырылышынын 4 заседаниеси Кыргыз Республикасынын үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айылындагы № 4 балдар бакчасына инвентарь сатып алуу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл округуна караштуу № 4 балдар бакчасына инвентарь сатып алуу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салым 89570 сом ( сексен тогуз мин беш жүз жетимиш сом) акча каражаты Гүлчө айыл округунун бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл округунун башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |