ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №5 «Ак-Ниет» балдар бакчасына спорт аянтчасын, балдар ойной турган площадкаларды куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси Кыргыз Республикасынын үлүштүк ( дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №5 «Ак ниет» балдар бакчасына спорт аянтчасын, балдар ойной турган площадкаларды куруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №5 «Ак-Ниет» балдар бакчасына спорт аянтчасын, балдар ойной турган площадкаларды куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салым 206760 сомду 50% ы-103380 сом (бир жүз үч миң үч жүз сексен) жумуш түрүндө аткарылып,103380 сом акча каражатын 56000 сом демөөрчүлөрдүн эсебинен жана 47380 сом акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировко милдеттендирилси.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |