Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/18
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Тазалык ишканасына түнкү жарыктарды куруу жана жасалгалоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Гулчө айыл окмотунун айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу «Гүлчө -Тазалык» ишканасынын башчысы Э.Тажиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн «Гүлчө-Тазалык» ишканасына Гүлчө айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу жана көчөлөрдүн аттарын жаздыруу максатында 2012-жылдын ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен 2013-жылдын 1-январь айына карата каралган калдыктан ЖКХнын 2215-берененин 22156900 элементине 140,0 миң (бир жүз кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январь айына карата калган калдыкка 2013-жылдын бюджеттик сметасынын чыгаша бөлүгүнө кошумча план киргизип берүү жагы Алай райондук каражаты бөлүмүнөн суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировко жана бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу чыгымдалышын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
4. Гүлчө айыл өкмөтүнүн «Гүлчө-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковго көчөлөрдөгү жарыктандыруу жана көчөлөрдүн аттарын жаздыруу иштерин сапаттуу жасатып,бүткөрүлгөн ишти өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |