Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 17-февралы, № 103 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Азиялык өнүктүрүү банкынын техникалык жардамын (АDB ТА № 4409-КGZ)ишке ашыруунун шарттарын аткаруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынындолбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия төмөнкүдөй курамдатүзүлсүн: Анарбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, жумушчу комиссияныи жетекчиси,Жыбыкеев К.О. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушму комиссиянын жетекчисинин орун басары, комиссия мүчөлөрү: Осмоналиев С.К. -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча). Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин биринчи орун басары, МолдокуловС.А. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринин биринчи орун басары, Алымбекова Ж.С. - Кыргыз Республикасынын билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министринин орун басары, Дикамбаев А. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу,Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасын Өкмөтүно караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары. 2. Жумушчу комиссияга министрликтердин жана ведомстволордунадистерин Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясыништеп чыгуу боюнча ишке тартууга уруксат берилсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов