Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15/2
Өзгөн шаарынын «Жаңы-Өзгөн» кварталынын «Дружба народов» көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Чолуков Абдубаиттин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаарынын «Жаңы-Өзгөн» кварталынын «Дружба народов» көчөсүнүн атын өзгөртүп, маркум Чолуков Абдубаиттин ысымын ыйгаруу жөнүндө «Жаңы-Өзгөн» кварталынын жашоочуларынын кайрылуусун жана «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Дружба народов» көчөсүнүн аты өзгөртүрүлүп эмгектин ардагери, маркум Чолуков Абдубаиттин ысымы ыйгарылсын.
2. Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысы Ж. Маткасымовко шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |