Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15/3
Өзгөн шаарынын «Жаңы-Хаят» кварталынын аты жок көчөсүнө маркум Хурматов Киргизбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаарынын «Жаңы-Хаят» кварталынын аты жок көчөсүнө маркум Хурматов Киргизбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө «/ч-Дөбө» кварталынын жашоочуларынын кайрылуусун жана «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Хаят» кварталынын аты жок көчөсүнө эмгектин ардагери, маркум Хурматов Киргизбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысы Ж. Маткасымовко шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |