Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15/4
Сауд Аравиясынын жарааны Доктор Шейх
Мухаммад Саид Мухаммад Хасан Ал-Бухарийге
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын
ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 11-июлундагы № 05/794 каты боюнча «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын инфратүзүмүн көтөрүүгө, эки мамлекет ортосундагы достукту чыңдоого зор салымын кошкон Сауд Аравиясынын жарааны Доктор Шейх Мухаммад Саид Мухаммад Хасан Ал-Бухарийге «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Сауд Аравиясынын жарааны Доктор Шейх Мухаммад Саид Мухаммад Хасан Ал-Бухарийге «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамынын ыйгарыландыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |