Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15/5
Өзгөн районунун тургуну Касымалиев Эмилге
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын
ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 11-июлундагы № 05/ 802 каты боюнча «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунун, Өзгөн шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүдө өз салымын кошуп жаткандыгын эске алып Касымалиев Эмилге «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Касымалиев Эмилге «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамынын ыйгарыландыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаардык Ке ңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруучулук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |