Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 17-февралы № 104 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Азиялык өнүктүрүү банкынын техникалык жардамын (АDВ ТA № 4409-КGZ)ишке ашыруунун шарттарын аткаруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынындолбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөйкурамда түзүлсүн: Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-ми- нистри, комиссиянын төрагасы; Анарбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кай- ра иштетүү өнөр жай министри, комиссиянын төра- гасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Жеенбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аг- роөнөржай комплекси жана экология боюнча комите- тинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана ту- ризм министри; Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министри; Семененко Е.Г. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жак- тан коргоо министри; Даникеев У.Ө. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра- циясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу бо- юнча); Акималиев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа- ратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш- тетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы; Жолдошев А.Ж. - Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору. 2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов