Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 15/10
Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2014-жылдын 17-сентябрындагы кургак учукка каршы поликлиникасынын жана Өзгөн аймактык ооруканасынын территориясында жайгашкан «Рентген флюрографиясынын» имараттарынын чатырларын жабууга каражат берүү жөнүндөгү №149 каты
Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2014-жылдын 17-сентябрындагы №149 катынын негизинде Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу кургак учукка каршы поликлиникасынын имаратынын чатырын оңдоого бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап, мыйзам чегинде 46400 сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |