Редакцияот 18.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги 1-сессиясы

 

2014-жылдын 18-марты № 8/2

« Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдагы план тапшырмасынын аткарылышы жана 2014-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө»

 

Жоош айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А. Аматованын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план тапшырмасынын аткарылышы жана 2014-жылга социалдык-экономикалык планы боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план тапшырмасынын аткарылышы канааттандыраарлык деп белгиленсин

 2. Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү кийинки сессияга калтырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов