Редакцияот 18.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 18-марты № 8/5-5

Ар түрдүү маселелерди кароо  жөнүндө (Мамажан айылынын тургундарынан түшкөн арыздарын кароо боюнча)”.

Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургундарынан түшкөн арыздарын социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча  туруктуу  комиссияда карап 2014-жылдын март айындагы өткөрүлгөн комитеттин жыйынынын № 10,11 протоколдорун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кеңешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча  туруктуу  комиссиянын чечиминин негизинде:

- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын  Гараж көчөсүнө Жутанов Зулпукардын аты берилсин.

-  Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын  № 59 кесипчилик лицейдин көчөсүнө Бекмаматов Алтымыштын аты берилсин.

- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын  бир  көчөсүнө Мамытова Суксурдун аты берилсин.

- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын  Сай  көчөсүнө Матаипов Турсуналинин аты берилсин.

2. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча  туруктуу  комиссияга  тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов