Редакцияот 18.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 18-марты № 8/5-6

Ар түрдүү маселелерди кароо  жөнүндө (Питомник айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын кароо боюнча)”.

Жоош айыл өкмөтүнүн Питомник айылынын тургундарынан түшкөн 2014-жылдын 17-февралындагы коллективдүү жазган  арыздарын социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча  туруктуу  комиссияда карап 2014-жылдын март айындагы өткөрүлгөн комитеттин жыйынынын № 12 протоколдорун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Питомник айылынын  2014-жылдын 17-февралында жазган коллективдүү арызы боюнча столбаларды алмаштырууга Жоош айыл өкмөтүнүн бюджети жетпегендигине байланыштуу столбаларды алмаштыруу маселеси боюнча проект жазуу маселеси сунуш кылынсын.

2.  Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча  туруктуу  комиссияга  тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов