ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-2
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Агартуу айылынын тургундарынан 05.06.2014-ж. жана 12.07.2014-ж. арыздарын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылынын тургундарынан 05.06.2014-ж. жана 12.07.2014-ж. жазган арыздарын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылынын тургундарынын № 133 ТПн жана 10 столбаны жылдырып берүү жөнүндө жазган арызы канааттандырылды деп белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылынын тургундарынын 12.07.2014-ж. көчөгө электр линияларын тартып берүү жөнүндө жазган арызы 2015-жылдын бюджетин кароо мезгилинде эске алынып жардам берүү жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|