Редакцияот 23.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 23-августу № 10/2-4

“Ар түрдүү маселелерди кароо  жөнүндө (Маданият айылында 03.07.2014-ж., 09.08.2014-ж. өткөрүлгөн элдин жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө)”.

 

Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылында 03.07.2014-ж.,09.08.20178-ж. өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколдорун карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылында 03.07.2014-ж., 09.08.2014-ж. өткөрүлгөн элдин жыйындардын протоколдорунун токтомунун негизинде түзүлгөн төмөндөгү комиссиянын курамы бекитилсин:

 

Тиллабаев Ж.

Жоош айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы

 

Кадырбеков И.

Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы

Жолдошов А.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

Мурзабаева Р.

Маданият айылынын айыл башчысы

 

Жоробаев Ө.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

Бекмурзаев Б.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

Токтосунов О.

Маданият айылынын тургундары

 

Орозбаев О.

Маданият айылынын тургундары

 

Айтиев А.

Маданият айылынын тургундары

 

Абдраимов Т.

Маданият айылынын тургундары

 

Абдуллаев Р.

Маданият айылынын тургундары

Ысакова О.

Маданият айылынын тургундары

 

Аманбаева Т

Маданият айылынын тургундары

 

Райондук архитектура жана мамкаттоо башкармаларынын өкүлдөрү (макулдашуу менен)

 

2. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылындагы Султанов Орунбектин үйүнө муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр энергия, көмүр менен камсыздоо, коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн  түшүүчү взностун эсебинен каржылансын, ал эми 2015-жылдын бюджетине жогорудагы маселелер сунуш кылынсын, үй ээси менен келишим түзүү маселеси айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Маданият айылында ачылуучу муниципалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов