Редакцияот 23.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 23-августу № 10/2-5

«Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин 23.05.2014-ж. (эки арыз), 11.06.2014-ж., 23.06.2014-ж. жана Жусуповдун арыздарын кароо жөнүндө)»

Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин 23.05.2014-ж. (эки арыз), 11.06.2014-ж., 23.06.2014-ж. жана Жусуповдун арыздарын угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо жана мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларынын отурумунун билдирүүлөрүнүн негизинде К.Жоробаевдин  2014-жылдын 23-майындагы жазган эки арызын канааттандырууга мүмкүн эместиги, андыктан арызда көрсөтүлгөн жер аянттары айыл чарба багытындагы жер экендиги жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 74-беренесине туура келбегендигинин негизинде ал жерге курулуш курууга мүмкүн эместиги белгиленсин.

 2. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин 2014-жылдын 11-июнундагы жазган арызында көрсөтүлгөн маселе укук коргоо органдарына тиешелүү экендиги белгиленсин.

3. Жоош айылдык кеңешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо  боюнча туруктуу  комиссиянын  13.08.2014-ж. өткөрүлгөн отурумунун протоколунун токтомунун негизинде Жусуповтордун арызы канааттандырылбай калтырылсын.

4. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо жана  мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов