ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-6
“Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылуучу жер аянтын тактоо боюнча Кызыл-Сарай айылынын депутаты А.Ормонованын жана Кызыл-Сарай айылынын тургундары Эрматов Жунустун, Мырзанов Алимжандын арызын кароо жөнүндө)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылуучу жер аянтын тактоо боюнча Кызыл-Сарай айылынын депутаты А.Ормонованын жана Кызыл-Сарай айылынын тургундары Эрматов Жунустун, Мырзанов Алимжандын арыздарын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылуучу жер аянтын жана А.Мырзановдун жерин тактоо боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
| Алимбетов М. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
|
| Кадырбеков И. | Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси
|
| Ормонова А. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
| Исмаилов К. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
| Камилова Б. | Кызыл-Сарай айылынын айыл башчысы
|
| Жоробаев Ө. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
| Бекмурзаев Б. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылындагы Эрматов Жунустун үйүнө муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр энергия, көмүр менен камсыздоо, коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн түшүүчү взностун эсебинен каржылансын, ал эми 2015-жылдын бюджетине жогорудагы маселелер сунуш кылынсын, үй ээси менен келишим түзүү маселеси айыл өкмөтүнө тапшырылсын..
3. Кызыл-Сарай айылында ачылуучу муниципалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|