Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-8
“Ар түрдүү маселелер ( Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы К.Карабаевдин билдирүүлөрүн кароо жөнүндө;)”
Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы К.Карабаевдин билдирүүлөрүн карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин 18.03.2014-ж. 8-сессиясында каралган Ак-Жар айылындагы жайыт жерлерди чөпкана эсебинде кыйыр пайдалангандыгы үчүн 1,0 га жерге 500 сом өлчөмүндө белгиленген ижара акы калтырылсын.
2. КРнын Өкмөтүнүн 13.09.2013-ж. № 515 токтомунун негизинде жайыт ресурстарын мал багуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндөгү жайыт комитетинде ушундай жайыттарды пайдалануу үчүн тийиштүү акы өлчөмдөрүн 6500 сом эсебинде белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|