Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-11
“Ар түрдүү маселелер (КРнын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын № 30629 аскер бөлүгүнүн 07.08.2014-ж. № 948 катын кароо жөнүндө)”
Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын № 30629 аскер бөлүгүнүн 07.08.2014-ж. № 948 катын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын № 30629 аскер бөлүгүнүн 07.08.2014-ж. № 948 катында көрсөтүлгөн Агартуу айылында жайгашкан эски аэропорттун 8,41 га жер аянтын трансформациялоого иш кагаздарын даярдап берүү жөнүндөгү каты боюнча депутаттык комиссия иликтеп Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрлиги тарабынан аскер бөлүгү жайгашкан аймакты өзгөртүү (передислакация) боюнча Указ же токтом болмоюнча жер аянтын ажыратып берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|